Ак-Буура дарыясын тазалоого 24 млн сом бөлүнүп, иштер башталды

Аймак
6aed8ff13fcb1.jpeg
6aed8ff01cfdc.jpeg
Алдыга
Артка
6aed8ff13fcb1.jpeg
6aed8ff01cfdc.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 06.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош шаарындагы бир катар объекттерди көрүп, курулуштун жүрүшү менен таанышты.

Анын алкагында Адылбек Касымалиев Ак-Буура дарыясын таштандылардан тазалоо жана иретке келтирүү иштеринин 2-этабы менен таанышты.

Дарыянын шаар аймагынан өткөн 17 чакырым аралыгы 4 тилкеге бөлүнүп тазаланып жатат. 2-этапка 24 млн сом бөлүнүп, 63 253 куб метр сел калдыктары жана кум-шагыл чыгаруу каралган.