Айыл чарба министрлиги дыйкандарга эгинди түндө суугарууну сунуштады

Коом Загрузка... 14 Июль 2025 10:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги дыйкандарга эгинди түнкү убакытта суугарууну сунуштайт.

Ведомствонун маалыматына караганда, түнкү сугаруу – түшүмдүүлүккө жол ачат.

Айыл чарба министринин орун басары - Суу ресурстары кызматынын жетекчиси Алмаз Жээналиев түнкү убакытта Чүй облусунун суу камсыздоо объектилерин көрүп, сугаруу процессинин жүрүшүн жана дыйкандарга суу берүү тартиби менен таанышты. 

Таанышуу суугаруу системаларынын түнкү сааттарда канчалык натыйжалуу иштеп жатканын баалоо максатында жүргүзүлдү, анткени бул айыл чарба өсүмдүктөрүн натыйжалуу суугаруу үчүн өтө маанилүү.

Белгилей кетсек, учурда аймакта сугат суу дыйкандарга суу жүгүртүү ыкмасы аркылуу жеткирилүүдө. Бул ыкма суунун рационалдуу колдонулушун камсыз кылып, ресурстардын үнөмдүүлүгүн арттырат.

Текшерүү иштеринин жыйынтыгы боюнча Чүй облусунда суу камсыздоо системасынын туруктуу иштеши белгиленген, бирок суу ресурстарын пайдаланууну жакшыртуу жана инфраструктураны өнүктүрүү зарылдыгы айтылды.