Москвада "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли көрсөтүлдү

Маданият Загрузка... 16 Декабрь 2025 14:58
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon ТИМ

Бишкек, 16.12.25. /Кабар/. Москва шаарында Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде жазылган "Раймалы менен Бегимай" этно-мюзикли коюлду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы тарабынан даярдалган мюзикл "Москва" концерттик залында көрсөтүлдү.

Иш-чарада аталган спектакль кыргыз элинин бай маданий жана руханий мурасын сактоого жана жайылтууга багытталганын жана Кыргызстанда Ч.Айтматовдун жылы деп жарыяланган 2028-жылы улуу жазуучунун 100 жылдыгын кеңири белгилөөнүн алкагында ири долбоорлорду ишке ашыруунун башталышы экендиги белгиленди.

Иш-чарага Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, Москвада жашаган мекендештер, ошондой эле дипломатиялык миссиялардын жетекчилери жана өкүлдөрү, россиялык мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү жана белгилүү маданият жана искусство ишмерлери катышты.