Бишкек, 13.08.2025. /Кабар/. Айтматов районундагы Бахты – Ногой каналдары жаңыланууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Реконструкциялоо иштери президенттин тапшырмасынын негизинде өлкөнүн ирригациялык инфраструктурасын жакшыртуу жана айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө.
Бахты – Ногой каналдары райондун түштүк-батышында жайгашып, Көк-Сай, Шекер, Кара Сай жана Аманбаев айыл аймактарынын сугат аянттарын тейлейт. Бул каналдар Күркүрөө дарыясынын системасына кирип, сугат сууну камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.
Натыйжада 5 120 га жерлердин суу менен камсыздоосу жогорулатылат жана жаңы 243 га жерлер өздөштүрүлөт.
2019-жылы башталган реконструкциялоо иштеринин учурдагы аткарылышы 95 пайызды түзүп, долбоор 2025-жылдын аягына чейин толугу менен аякташы күтүлүүдө.
Каналдардын жаңыланышы Талас облусунун айыл чарба өндүрүшүнө олуттуу түрдө оң таасир берип, сугат суунун жеткиликтүүлүгүн жана пайдалануу натыйжалуулугун бир топ жогорулатат.