Бишкек, 14.07.25. /Кабар/. Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев иш сапары менен Айтматов районуна барып, бир катар маанилүү маселелер боюнча рейд жүргүздү.
Облустагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө райондун борборун иретке келтирүү, парктарды, көчөлөрдү жакшыртуу жана ирригация системаларын толук кандуу ишке ашыруу боюнча бир катар тапшырмалар берилди. Ал аймактын инфраструктурасын жакшыртуу элдин жашоо сапатын жогорулатуудагы негизги фактор экендигин баса белгиледи.
Мындан тышкары, Эрмат Жумаев район жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары менен кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө кызматкерлерге жоопкерчиликти жогорулатуу жана жүктөлгөн милдеттерди так аткаруу талаптары коюлду.
Облус башчысы кызматтагы адамдардын ишине болгон эл ишеничи алардын таза иш алып баруусуна байланыштуу экендигин айтып, мындан ары да жер-жерлердеги маселелерди өз учурунда чечүү боюнча көзөмөл күчөтүлөрүн кошумчалады.