Бишкек, 18.09.25. /Кабар/. Айтматов районунун Чоң Кара-Буура айылынын дыйкандары алмадан мол түшүм алууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзбекстан жана Түркия дан алып келинген көчөттөр 4,5 гектар жерге тигилип, жыл сайын орто эсеп менен 80 тонна алма алынат. Алманын бүгүнкү күндөгү базар баасы 40 сомдон бааланууда.
Жыйналган түшүм Корсундагы 80 тонналык муздаткычта сакталат. Жазында кардарлар келип, ички базарларга чыгарып сатышат. Бул аракеттердин натыйжасында кошумча жумуш орундар түзүлүп, айыл чарбасы гана эмес, жергиликтүү элдин да социалдык-экономикалык абалы жакшырат.
Мындан тышкары, чарбанын айланасына кара өрүк бактары тигилген. Ал эми министрликтин “30+20+10” долбоорунун алкагында 0,15 гектарга анжелина сортундагы кара өрүк, 1 гектар аянтка Лохнес сортундагы 2000ден ашык эжемалина көчөтү өстүрүлүүдө.
Эмгеги жогору бааланып, чарбанын ээси 2013-жылы түзүлгөн AFOKO долбоорунун алкагында агротокойчулук, бак жана терек өстүрүү багытында акчалай сыйлыктын сертификатына ээ болгон. Дыйкандардын мындай аракеттери айыл чарбасын өнүктүрүп, жаңы жумуш орундарын түзүп, жергиликтүү калктын жашоосун жакшыртууга чоң салым кошууда.