Айтматов районунда 60 га аянтка жамгырлатып сугаруу системасы орнотулду

Аймак 22 июль 2025 14:20
IMG_5676.JPG
IMG_5678.JPG
IMG_5677.JPG
IMG_5675.JPG
IMG_5674.JPG
IMG_5673.JPG
Алдыга
Артка
IMG_5676.JPG
IMG_5678.JPG
IMG_5677.JPG
IMG_5675.JPG
IMG_5674.JPG
IMG_5673.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 22.07.25 /Кабар/. Айтматов районунун Ак-Башат айылында 60 гектар аянтка жамгырлатып сугаруу системасы орнотулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул үчүн Суу ресурстары кызматы тарабынан 33 млн 449,6 миң сом каражат бөлүнгөн. Бүгүнкү күндө 60 гектар аянтка толук электр линиялары тартылып, трансформаторлор жана насостор, жамгырлатып суугаруучу тетиктер орнотулуп, система ишке киргизилди.

Дыйкандар фасоль эгип, суугаруу иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары-Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев дыйкандарга кайрылып, сугат сууну үнөмдөөнү жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздаган технологияларга өтүүнү сунуштаган.