"Айтматов ааламын" жарыктандырууга 400 метр электр зымы тартылды

Аймак 11 сентябрь 2026 12:35
1.jpg
804878238_1062315046521272_2891950416738712013_n.jpg
804878249_938856695960045_7262673845817794562_n.jpg
805408782_1428035706171837_5962247556198262439_n.jpg
806073442_1813170236508731_2995131771327877241_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Талас облусундагы "Айтматов ааламы" мемориалдык музей-комплексинде электр энергиясын ишенимдүү камсыз кылуу үчүн 400 метр СИП-2 зымы тартылды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Мындан тышкары, күтүүсүз өчүүлөргө даярдык көрүү максатында 120 кВт кубаттуулуктагы резервдик генератор орнотулуп, электр энергиясын автоматтык түрдө резервдик булакка өткөрүүчү автоматтык кошуу системасы коюлду.

Ошондой эле иш-чара өтүүчү аймактагы 7 боз үйгө электр жабдуулары орнотулуп, электр энергиясы жеткирилди. Даярдык иштерин Талас электр тармактар ишканасынын Айтматов райондук электр тармагынын кызматкерлери жүргүздү.