Айпери Медет кызы Азия чемпионатынын алтын медалына ээ болду

Спорт Загрузка... 28 Март 2025 08:44
copyright icon WWW

Бишкек 28.03.25 /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Айпери Медет кызы Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүсү аталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 76 кг чейинки салмак категориясында катышты. Алгач чейрек финалдык беттеште кытайдын балбанын жеңип, жарым финалдык беттеште Түндүк Кореянын балбанын утуп финалга жолдомо алган.

Ал эми алтын медаль үчүн беттеште Индиялык балбанды 7:6 эсебинде жеңип, Азия чемпионатынын алтын медалына ээ болду.