Бишкек, 12.11.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Айни көчөсүнүн Махатма Ганди көчөсүнөн Алышев көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылына ачылды.
Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган тилкедеги жол куруу иштери толугу менен аяктады. Жаңы жолдун узундугу 500 метрди түзөт.
Долбоор жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле райондун жол-транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга багытталган.
Курулуш иштерин "Су-4 Кара-Балта" ЖЧКсы аткарды.