Күйүүчү май аткезчилиги, жеке ишкердик жана жер салыгы, бирдиктүү жана кош салык маселеси, дегеле салыкты эсептөө, төлөө көйгөйлөрү. Мамлекеттик салык кызматы учурда милдеттенмелер жана жеңилдиктер боюнча ишкердик субъекттери арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ал эми мыйзамсыздыктар боюнча тийиштүү органдар менен иш алып барууда. Салык көйгөйлөрүнө байланышкан кайрылуулар IV Элдик курултайдын алкагында да түшкөн.
Салыктар өлкө казынасынын киреше бөлүгүнүн пайдубалы десе болот. 2025-жылы салыктын эсебинен мамлекетибиз чыгашаны жабуудан сырткары, социалдык долбоорлорду жана инфраструктураны жакшыртуу иштерин каржылай алды. Дегеле өткөн жыл Мамлекеттик салык кызматы жана өлкө казынасы үчүн рекорддук көрсөткүчтөр менен жыйынтыкталды.
Каржылык көрсөткүчтөр:
- 2025-жылы салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү 391,8 млрд сомго жетти;
- 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик 90 млрд сомго же 129,6%га өстү;
- Салыктык кирешелер 80,2 млрд сомго, камсыздандыруу төгүмдөрү 9,3 млрд сомго көбөйдү.
2025-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча салыктын басымдуу бөлүгүн соода (84,6 млрд сом), тоо-кен өндүрүшү (56,7 млрд сом), курулуш (15,5 млрд сом), орто жана чакан бизнес (23,7 млрд сом) түздү.
Салыктык жыйымдардын көбөйүүсүн шарттаган жагдайлар:
- Бизнести көмүскөдөн чыгаруу чараларынын натыйжалуулугу;
- Кысымга жана кол менен башкарууга негизделген фискалдык башкаруудан заманбап тейлөө жана санарип кызмат көрсөтүүгө өтүү;
- Өсүш салыктардын ставкасын жогорулатпастан, салык базасын кеңейтүү менен камсыздалган;
- Салык жүгүн азайтуу жана экономиканын артыкчылыктуу тармактары үчүн салык жеңилдиктерин кеңейтүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлгөн;
- Ашыкча текшерүүлөрдөн жана бизнеске болгон кысымдан баш тартылып, отчет тапшыруу жөнөкөйлөтүлгөн;
- Бир катар контролдук чаралар жокко чыгарылган.
Негизги салык төлөөчүлөр болгон ишкерлер мамлекет тарабынан колдоого алынарын президент Садыр Жапаров 2025-жылдын соңунда өткөн Элдик курултайда да белгилеген.
“Чакан жана орто ишканалардын саны 12%га өсүп, 20 миңге жетти. Аларда иштегендердин саны 5,3%га көбөйүп, 617 миң адамды түздү. Биз бизнес үчүн ыңгайлуу шарттарды мындан ары да түзө беребиз: ишкердик жүргүзүү үчүн ачык жана ылайыктуу эрежелерди киргизүү, туруктуу финансылык колдоо; негизсиз административдик тоскоолдуктардан коргоо жана бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү. Бардык ишкерлерди: ал жаңы ишин баштаган ишкерби же тажрыйбалуу ишкер болобу, мамлекет аны эч качан жалгыз таштабайт жана анын ийгиликтерге жетишине ишенимдүү өнөктөш болуп берет”, — деген президент.
Элдик курултайдын алкагында делегаттар Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрүнө түз кайрылуу мүмкүнчүлүгүн алышты. Бул — жыйындын мурдагы жылдарга салыштырмалуу өзгөчөлүгү десе болот. Мамлекеттик салык кызматы Элдик жыйындын алкагында делегаттардын суроолору боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында “Кабар” агенттигине маалымат берди.
"Кайрылуулар негизинен жеке ишкердик, жалданма жумушчулардын салык төлөөсү, жер салыгы, салыктардын жергиликтүү бюджетке түшүүсү, күйүүчү майлардын аткезчилигин жоюу, бирдиктүү жана кош салык боюнча",—деп айтылат маалыматта.

Салык кызматынын басма сөз кызматы делегаттардын суроолору боюнча төмөнкүдөй маалымат берди:
“Жеке ишкерликти токтотуу: салык органдары тарабынан арыз берүү, салыктык милдеттенмелерди салыштыруу менен каттоодон чыгаруу тартиби тууралуу маалымат берилди. Ишти жөнөкөйлөтүү үчүн документтерди электрондук түрдө да тапшырса болот.
Жер салыгын төлөө: Салыктык башкарууну өркүндөтүү ишинин алкагында мамлекеттик реестрлердин маалыматтарынын негизинде жер салыгын автоматтык түрдө эсептөө механизми киргизилди. Ага ылайык, салык төлөөчүгө эсептелген салык өлчөмү көрсөтүлгөн маалымат келет. Ошол эле учурда жер тилкелери жана салык базасы боюнча маалыматтарды тактоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен иш жүргүзүлүүдө.
Жалданма жумушчуларга салык салуу: Ишкерлерге кызматкерлердин маянасынан киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн туура эсептөө жана төлөө боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле катталбастан жумушка орношуу фактыларын аныктоо иштери күчөтүлдү.
Күйүүчү-майлоочу каражаттардын аткезчилиги: Укук коргоо жана бажы органдары менен бирге чек арага жакын аймактарга күйүүчү майларды мыйзамсыз ташуу фактыларын аныктоо иштери күчөтүлдү. Ал эми КММ реализация кылгандардан салыктын толук төлөнүшүн камсыздоо үчүн мониторинг жүргүзүлүүдө.
Бирдиктүү салыкты колдонуу: Ишкердик субъекттеринин арасында иштин түрүнө жараша чендерди колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
Кош салык маселеси: Мамлекеттик салык кызматы Кыргызстан менен чет мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн кош салыкка жол бербөө жөнүндө келишимдер боюнча салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Салык төлөөчүлөргө Кыргызстанда салыктык милдеттенмелерди эсептөөдө чет өлкөдө төлөгөн салыктарын эсепке алуу механизмдери жөнүндө маалымат берилүүдө.