Аймактык инвестициялык портфель: Жалал-Абаддын потенциалы талкууланды

Министрлер кабинети 18 Апрель 2026 13:00
69e2529d4bebb (1).jpeg
69e252c09877f.jpeg
69e252c0029d5.jpeg
69e252bc4c382.jpeg
69e252b97e6a9.jpeg
69e252b8a87b0.jpeg
69e252b6d4e9d.jpeg
69e252a64e866.jpeg
Алдыга
Артка
69e2529d4bebb (1).jpeg
69e252c09877f.jpeg
69e252c0029d5.jpeg
69e252bc4c382.jpeg
69e252b97e6a9.jpeg
69e252b8a87b0.jpeg
69e252b6d4e9d.jpeg
69e252a64e866.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.04.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кыргызстандын инвестициялык портфелин түзүү боюнча системалуу иштердин алкагында жыйын өткөрдү. 

Отурумга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги, Чаткал, Ала-Бука жана Токтогул райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары катышты. 

Жыйындын негизги максаты – жергиликтүү артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду түзүү, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуу жана аймактын экономикасын өнүктүрүүгө бирдиктүү системаны иштеп чыгуу.

Анда президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев президенттин тапшырмасына ылайык, өлкөнүн ар бир районунун инвестициялык потенциалы жеринде каралып жатканын айтып, долбоорлордун экономикалык эффективдүүлүгү, экспорттук потенциалы, жергиликтүү элди иш менен камсыз кылуу маселелери каралып жатканын билдирди.  

“Негизги биздин максатыбыз өлкө райондорунда долбоорлорду ишке ашырууда кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин карап жатабыз. Анын негизинде бир ири долбоорлорду ишке ашыруубуз керек. Ошондой эле, райондордо иштеп жаткан жеке ишкер болобу же мамлекеттик кызматкер болобу аларга техникалык-экономикалык негиздемени жана долбоорду жазууну үйрөтүү. Кыргызстан боюнча 200 долбоорду түзүү пландалууда. Анда энергетика, туризм, өндүрүш, медицина жана билим берүү тармагында долбоорлорду ишке ашыруу. Бул багыттагы долбоорлорду жыйнап, аны үч этап менен ишке ашыруу пландалууда”, - деди ал. 

Президенттин тапшырмасына ылайык, мындай жыйындар буга чейин Ош жана Чүй облустарындагы райондорунда ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлор каралган. Ал эми, Жалал-Абад облусунун Сузак, Базар-Коргон, Аксы жана Ноокен райондору менен жыйындар эртең уланат. 

Жүргүзүлүп жаткан иштер Кыргызстан 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын артыкчылыктарына жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн тездетүүнүн милдеттерине шайкеш келтирилген аймактык инвестициялык портфелди системалуу түрдө түзүүгө арналат.