Бишкек, 05.02.26. /Кабар/. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адилет Белеков Кочкор районунда гемодиализ борборун ачуу маселесин көтөрдү.
Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов гемодиализ кызматтары аутсорсинг системасы аркылуу көрсөтүлөрүн белгиледи.
"Бул иш менен жеке компаниялар алектенет. Мамлекет ар бир гемодиализ үчүн 6,5 миң сомдон төлөйт. Кызмат көрсөтүүнүн сапаты начар экенине, кытай аппараттары колдонулуп жатканына даттануулар бар. Биз жыл сайын жеке компанияларга 4 млрд сомго жакын каражат беребиз, 4,5 миңдей адам ушул оору менен жабыркайт. Биз райондордо мамлекеттик борборлорду ачууну пландап жатабыз", - деп билдирди ал.