Аймактарда 200 долбоор ишке ашат: Төрөбаев Нарын жана Ысык-Көлдү кыдырууда

Министрлер кабинети Загрузка... 23 Апрель 2026 16:26
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.04.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев баштаган делегация президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен аймактардагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жеринде талдап, конкреттүү, ишке ашуучу долбоорлорду илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурууда.

Бул жолу Нарын жана Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн иш сапар өлкөнүн аймактык өнүгүүсүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө багытталган маанилүү кадамдардын бири болду. 

Иш сапардын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан сунушталган демилгелер, инфраструктураны жакшыртуу, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана “жашыл экономиканы” өнүктүрүү багытындагы долбоорлор, региондун туруктуу өсүшүнө өбөлгө түзө турган негизги багыттар катары белгиленди. 

Белгилей кетүүчү жагдай, Бакыт Төрөбаев аймактарды кыдыруу менен чектелбестен, инвестициялык саясатты системалуу түрдө жолго коюу багытында иш алып барууда. Ал президенттин тапшырмасына ылайык, өлкөнүн ар бир районунун экономикалык потенциалын талдап, натыйжалуу долбоорлорду түзүү жана ишке ашыруу боюнча так механизмдерди иштеп чыгууда. Бул процессте долбоорлордун экономикалык негиздүүлүгү, экспорттук мүмкүнчүлүгү жана жаңы жумуш орундарын түзүү маселелери артыкчылык катары каралууда.

Буга чейин Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында өткөрүлгөн жолугушууларда жергиликтүү ишкерлерге жана мамлекеттик кызматкерлерге инвестиция тартуу, долбоор жазуу жана аны ишке ашыруу боюнча практикалык багытта колдоо көрсөтүлгөн. Бул иштер аймактардын өз алдынча өнүгүү мүмкүнчүлүгүн күчөтүп, экономикалык активдүүлүктү арттырууга багытталган.

Нарын жана Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарда дагы бул багыттагы аракеттер улантылып, региондун инвестициялык портфелин түзүүдө маанилүү кадамдар жасалууда. Жалпысынан өлкө боюнча 200гө жакын ири долбоорду ишке ашыруу планы коюлуп, энергетика, туризм, өндүрүш, билим берүү жана медицина тармактарына өзгөчө басым жасалууда.

Аймактарды кыдырып, жеринде иш алып баруу иштери региондордун экономикалык потенциалын толук ачууга, инвестиция тартууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө багытталган стратегиялык кадам.