Айкөл Манастын жаңы айкели өнүгүү жолунда бараткан Кыргызстандын символу – скульптор

Маек Загрузка... 28 Июль 2025 18:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Күн мурун Бишкектеги Ала-Тоо аянтына жаңыланган Айкөл Манастын жаңы айкели орнотулду. Айкелди реконструкциялоо иштери үстүбүздөгү жылдын январь айында башталган. Долбоордун негизги максаты айкелди жаңыртуу жана заманбап талаптарга ылайык модернизациялоо, анын конструкциясын бекемдөө жана сырткы көрүнүшүн жакшыртуу болгон. Долбоорго ылайык, жаңы постаменттин бийиктиги 22,7 метрди түзөт. Төмөнкү бөлүгүнүн туурасы 6,2 метрден башталып, жогору карай 2,5 метрге чейин кууштайт. Ал эми Манастын скульптурасынын өзүнүн бийиктиги 10,3 метрге жетет. Жаңыртылган Манас айкели мурдагы айкелден айырмачылыгы жана кандай идея камтылганын бүгүн “Кабар” агенттигине жаңы Манас айкелинин автору, скульптор Тамила Маматова айтып берди.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 17.41.46.jpeg

Жаңыртылган Манас айкели мурдагы айкелден кандай өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат?

Айкөл Манастын жаңы эстелиги бүгүнкү жаш алдыга умтулган, өнүгүү жолунда бараткан Кыргызстандын символу. Бул айкел мурдагы жана башка аймактарда коюлган эстеликтерден айырмаланып, кыймыл-аракеттеги динамиканы чагылдырат. Өзгөчө философияны камтып, шаардын көркүн арттырып, элге дем, күч берет.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 17.39.45.jpeg

— Жаңы айкелде кандай идея камтылган? Манастын образында эмнелер символдоштурулган?

Айкелдин астындагы постаменти ак кар баскан аска-зоолорубузду элестетет. Ал кыйгач формада жасалып, мрамор ташынан тургузулган. Бул мраморду колдонуу айлана-чөйрөдөгү имараттардын стили менен айкалышып, скульптор менен архитектордун жогорку кесипкөйлүгүн көрсөтөт. Манас атабыз ар бир ишке киришерде айланасындагы жаратылыш, жаныбарлар аны колдошкон. Ошондуктан аны да чагылдырууну унутта калтырган жокпуз. Эстеликте Манасты коштоп жүргөн ак илбирстер анын көкүрөгүнө жана колдоруна чакан рельеф түрүндө чагылдырылган.

Эстеликтин өзүнө кайрылсак, Манас ата тизгинди сол (алдыңкы) колу менен бекем кармап турат. Бул анын тактыда бекем отурганын, мамлекетке ээ болгонун символдоштурат. Оң (арткы) колундагы найза Манастын жоого каршы турушун билдиргени менен, ал душманына да жамандык каалабаган Айкөл хан экенин көрсөтөт.

Манастын жогору көтөрүлгөн башы, сүрдүү жүзү элине болгон сүйүүсүн, урмат-сыйын жана элинин бакубат жашоосу үчүн бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө даяр экенин чагылдырат. Ал Ак куланын үстүндө дээрлик туруп бара жатат. Бул анын күч-кубаттуулугун, алдыдагы жоого тайманбай бет алганын билдирет. Кылычы кынына салынган бул дагы Айкөлдүктүн белгиси. Ак кула булут үстүндө бара жаткандай элестетилет, бул Манастын тайманбастыгын жана эр жүрөктүгүн сүрөттөйт. Ал эми бүркүт Манасты жанынан коштоп, жантайып учуп бара жатат бул Кыргызстандын эркиндигинин жана эгемендүүлүгүнүн символу.

Постаментинде булуттар чагылдырылган алар аска-зоодогу асман менен бириккен булуттардын символу. Эстеликтин жалпы бийиктиги постамент менен кошкондо 33 метрди түзөт, бул Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына арналган.

— Айкелди жасоого канча убакыт сарпталды? Эмнеге басым жасалды?

Айкелди жасоого жалпы бир жыл убакыт кетти. Алгачкы эки ай эскизди түзүүгө, үч ай айкелди чоңойтууга жумшалган. Андан соң темир конструкцияларды көтөрүүгө жана постаментти куруу иштерине дагы беш ай сарпталган. Бул айкел жөн гана ат үстүндө отурган Манастын элеси эмес. Бул алдыга умтулуп, өнүгүү жолунда бараткан жаш, эркин Кыргызстанды Манас аркылуу чагылдыруу аракети. Айкелге басым, биринчи кезекте, анын философиялык мазмунуна жасалды. Бул мен үчүн жеке чыгармачыл-философиялык эмгек болду десем жаңылышпайм.

WhatsApp Image 2025-07-28 at 17.39.46.jpeg

Иштин жүрүшүндө кандай кыйынчылыктар болду?

Албетте, кыйынчылыктар болду. Айкелди жасоо үчүн ылайыктуу орун табуу бир топ убакытты талап кылды. Ижарага жер алайын десек, бош аймактар дароо табылбай, көпкө издөөгө туура келди. Акыры ачык абада, ыңгайсыз шартта иштөөгө туура келди.

— Коомчулук бул жаңыланууга кандай баа берүүдө?

Коомчулук айкелдин сүрөтү чыга электе эле долбоор менен таанышып, көптөгөн терс пикирлерин билдиришкен. Бирок, азыр айкелди өз көзү менен көргөн соң, эл негизинен жакшы пикирлерин айта башташты.