Бишкек, 18.03.26. /Кабар/. Кыргызстандын бардык аймактарында жол кырсыктарынын алдын алуу максатында айдоочуларга жол эрежелери боюнча китепчелер акысыз таратылууда.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, атайын колдонмолор Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен биргеликте иштелип чыккан.
Иш-чара ыйык Рамазан айына туш келгендиктен, жолдо бараткан жана орозо кармаган жарандарга ооз ачар үчүн атайын белектер берилди.