Нарын – Жаңы-Жол унаа жолу таш кулоо коркунучунан улам убактылуу жабылды

Аймак 10 Март 2026 10:19
646825669_1963841507541781_5015348731263009852_n.jpg
646160144_1963841484208450_5636833315271769934_n.jpg
Алдыга
Артка
646825669_1963841507541781_5015348731263009852_n.jpg
646160144_1963841484208450_5636833315271769934_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. 8-мартта саат 17:45 чамасында Нарын – Жаңы-Жол унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоодон шагыл аралаш таш кулап, жолдо кооптуу абал жаралган. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Тиешелүү комиссиянын текшерүүсүнөн кийин бул аймакта таш кулоо коркунучу жогору экендиги аныкталып, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында жолду убактылуу жабуу чечими кабыл алынды.

Алдын ала маалымат боюнча, кооптуу тилкеге темир-бетон блоктор орнотулуп, коргоо иштери болжол менен 10 иш күндүн ичинде жүргүзүлөт.

"Унаалардын кыймылы Бишкек – Нарын – Торугарт (эски жол) унаа жолу аркылуу уюштурулат. Жарандардан жана айдоочулардан коопсуздук талаптарын сактоону жана көрсөтүлгөн альтернативдүү жолду пайдаланууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.