Айдоочу жол кыймылынын кайсы эрежесин бузганы үчүн сурамжылоодон өтөт?

Коом Загрузка... 20 Май 2025 17:44
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 20.05.25. /Кабар/. Жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочулар гана жеринде токтотулуп, сурамжылоодон өтөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 1-сентябрдан тарта Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочулар менен иштөөнүн жаңы ыкмасын киргизүү пландалууда.

Анда төмөнкү жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга гана сурамжылоо иштери жүргүзүлөт:

- каршы тилкеге чыгуу, озуп өтүү же туура эмес манёвр жасагандар;

- автоээнбаштык (унаа жарыштыруу жана башка);

- жарык берүүчү үн коштоочу каражаттар менен бара жаткан кызматтык унааларга жол бошотуп бербеген айдоочулар;

- техникалык бузуктары бар унааларды башкаруу;

- мамлекеттик номери жок же аны жашырганга аракет кылган айдоочулар;

- ыйгарым укуктуу органдын унааны токтотуу талабына баш ийбеген айдоочулар;

- белгиленген ылдамдыктан ашыра айдагандар;

- эреже сактабай бирөөнүн мүлкүн же жолдун түзүмүн (жол, көпүрө ж.б.) бузуу;

- айдоого укугу жок жарандарга же мас абалындагы жарандарга унааны башкарууга берген айдоочулар;

- кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орноштургандар;

- кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузгандар;

- жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин бузгандар.

Байказы Айтикул уулу белгилегендей, эгер айдоочулар жеринде текшергенде эрежелерди билбей калса, айдоочулук күбөлүгү убактылуу алынып, теориялык экзаменге жөнөтүлөт. Аны 60 күн ичинде тапшырбаса айдоо укугу убактылуу токтотулат.

Ал эми эреже бузуулар камералар аркылуу катталган болсо, унааны айдап жүргөн айдоочу өзү экени далилденсе гана экзаменге жөнөтүлөт.