Бишкек, 09.03.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бекболотов Бектен Турсунбекович берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду.
Ведомстводон билдиришкендей, айыл чарба министри Эрлист Акунбековдун сунушу менен Шаменов Айбек Асанович суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүу тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.