Агроазык-түлүк паркын түзүүгө $370 миң бөлүнөт. Каражат эмнеге жумшалат?

Коом
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_26.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_11.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_22.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_24.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_25.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_33.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_38.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_40.jpg
WhatsApp Image 2026-11-05 at 12.17.10.jpeg
Алдыга
Артка
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_26.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_11.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_22.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_24.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_25.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_33.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_38.jpg
051126_pre_UNIDO_Ind_Dev_Forum_40.jpg
WhatsApp Image 2026-11-05 at 12.17.10.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 05.11.26. /Кабар/. Кыргызстанда интеграцияланган агроазык-түлүк паркын түзүү долбооруна Евразия өнүктүрүү банкы 370 миң 509 доллар бөлөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн Аймактык өнөр жайды өнүктүрүү форумунун алкагында долбоорду каржылоо боюнча үч тараптуу келишимге кол коюлду. Иш-чарага министрдин орун басары Мирбек Дүйшеев катышты. Келишим ЮНИДОнун катышуусунда түзүлдү.

Долбоордун алкагында агроазык-түлүк паркын түзүүнүн техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып, аны өнүктүрүү модели жана инвестиция тартуу стратегиясы иштелип чыгат.

Мындан тышкары, Мирбек Дүйшеев ЮНИДОнун башкы директорунун орун басары Марина Понти менен жолугуп, кайра иштетүү өнөр жайын, агроөнөр жай кластерлерин, аквакультураны жана балык чарбасын өнүктүрүү маселелерин талкуулады.