Бишкек 02.07.25 /Кабар/. Кыргызстандын Австриядагы элчиси, Вена шаарындагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Нуржан Шайлдабекова БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмундагы (ЮНИДО) туруктуу өкүлү катары уюмдун башкы директору Герд Мюллерге ишеним грамоталарын тапшырды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыктын учурдагы абалын жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.
Туруктуу өкүл Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасы жакында кабыл алынганын маалымдады. Программанын негизги артыкчылыктарынын бири катары индустриализация – өнөр жай тармагын өнүктүрүү жана өндүрүштү кеңейтүү аныкталган.
"Ушуга байланыштуу ЮНИДО менен кызматташууну кеңейтүү жана өнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ыкчам ишке киргизүү Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ", - деди Шайлдабекова.
Өз кезегинде башкы директор Герд Мюллер ЮНИДО менен Кыргызстандын ортосунда калыптанган активдүү кызматташууну жогору баалады.
Ал Кыргызстан ЮНИДО 2025-2029-жылдарга карата өлкөлүк өнөктөштүк программасын (ПСП) ишке киргизе турган Борбор Азиядагы алгачкы өлкө болуп саналганын белгиледи.