Билим берүү: Санариптештирүү мугалимдердин жүктөмүн 84%га азайтты

Билим Загрузка... 11 Февраль 2026 17:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 11.02.26. /Кабар/. Күн мурун Агартуу министрлиги 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарып, алдыдагы жылга карата милдеттерин аныктоого арналган коллегиясын өткөрдү. “Сейтек” борборунда өткөн иш-чарага 500дөн ашык райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, билим берүү тармагынын жалпы кызматкерлери катышты.

Жыйынды агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ачып, билим берүү системасынын өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнө, артыкчылыктары жана кемчиликтерине токтолду.

“Билим берүү түзүмүн санариптештирүү аркылуу мугалимдерге болгон жүктүн 84 пайызын азайта алдык. Өткөн жылы ишмердүүлүгүбүздөгү адам факторун четке чыгарып, санариптик платформалар аркылуу байкоо системасын түзүүгө жетиштик. Мында биз ар бир баланын кандай окуп жатканын, китепти ким колдонуп жатканын жана ар бир мугалимдин ишмердүүлүгүн көрүп турабыз. Биздин реформанын өзгөчөлүгү бул туруктуулук жана комплекстүү трансформация болду. Ошондой эле билим берүү түзүмүндө өткөн жылы олуттуу көйгөйлөр жаралып, бизге карата сын-пикирлер да көп айтылды. Бирок, биз ошол эле учурда конструктивдүү сунуштарга өтө муктаж болдук. Белгилей кетсем, биздеги билим берүүнүн сапатын жалаң гана мугалим же жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ) чечпейт. Анткени, ЖРТ билим сапатын аныктай турган инструмент эмес”,- деди Кендирбаева.

Отурумда министрликтин билим берүү тармагындагы 2025-жылдагы негизги статистикалык көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтар сунушталып, калктын билим берүү системасына болгон ишениминин өсүшү, негизги көрсөткүчтөрдүн туруктуу жакшырышы белгиленди. Алсак, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгында Агартуу министрлигине болгон калктын ишеним индекси 48,7%ды түзгөн. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 11,4 пайызга жогорулаган.

Коллегияга катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетишилген натыйжалар билим берүү тармагында ишке ашырылып жаткан ырааттуу жана системалуу реформалардын натыйжасы экенин белгиледи.

“Ар тараптуу өнүгүүгө, практикалык көндүмдөрдү калыптандырууга жана бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган сапаттык жактан жаңы окутуу моделине өтүүшүбүз зарыл. Мындан аркы иште өзгөчө көңүл педагогдордун статусун жана кесиптик ролун жогорулатууга, билим берүү процессин санариптештирүүгө, билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын модернизациялоого, ошондой эле билим берүүнүн тарбиялык жана социалдык компоненттерин бекемдөөгө бурулмакчы. Биздин максат – глобалдык эмгек рыногунун талаптарына жооп бере алган жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздай алган заманбап атаандаштыкка жөндөмдүү муунду даярдоо”, - деди Байсалов.

Жыйында билим берүү тармагындагы көйгөйлөр катары өлкөнүн айрым райондорундагы мектептерде окуучулардын ашыкча жүктөм менен окуусу, математика, физика, информатика сыяктуу предметтерден мугалимдердин жетишсиздиги жана алардын көп учурда өз адистиги менен иштебегени белгиленди. Ошондуктан, алдыдагы жылы мугалимдердин кесиптик компетенциясын жогорулатуу багытында чечкиндүү кадамдар жасалаарын министр Догдургүл Кендирбаева өз сөзүндө белгилеген.

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билим берүү системасы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги фактору болуп саналгандыктан, балдардын сапатуу билим алуусу үчүн мектептер курулуп, бала бакчалар мамлекетке кайтарылган имараттарда ачылып жатканын билдирди.

2025-жылы мектепке чейинки билим берүү менен камтуу 2 миң 344 бала бакчада 51% же 3–5 жаштагы 320 миң 13 баланы түзгөн. Алардын 490у жеке менчик бакчалар болуп, бала бакчалардын саны 2024-жылга салыштырмалуу 347ге көбөйгөндүгү маалымдалды.

Ошондой эле коллегиянын жүрүшүндө 2024-2028-жылдарга карата “Алтын Казык” билим берүүнү өнүктүрүү программасынын алкагында 12 жылдык окутуу системасына өтүүнүн 79%ы аткарылып, реформанын биринчи этабы ишке ашып жаткандыгы белгиленди.

2025-жылдын жыйынтыгы билим берүү тармагындагы системалуу реформалардын оң натыйжаларын көрсөттү. Санариптик платформалардын жардамы менен ачык-айкындуулук камсыз кылынып, мугалимдердин кагаз иштери жеңилдетилди. Ошол эле учурда, бул реформалар конструктивдүү сын-пикирлерди жана кадр маселесин чечүү сыяктуу татаал милдеттерди алдыга койду. Келечектеги ийгилик — инфраструктураны жакшыртуу жана мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу менен гана камсыздалмакчы.