Бишкек, 27.08.25. /Кабар/. Агартуу министрлиги бир катар жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган бир катар жеке менчик мектептердин мамлекеттин менчигине өткөнү тууралуу маалыматка комментарий берди.
Ведомстводон билдиришкендей, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын 27-августуна карата «Сейтек СТЭМ» билим берүү мекемеси жеке менчик болуп, Сапаева Светлана Дүйшөмбиевнанын наамына катталган, окуу жайдын директору Сатыбалдыев Рустамбек Адилбекович.
Өз кезегинде 2025-жылы кайра каттоодон өтүп, учурда «Алтын Мурас» деп аталган «Акылтай» билим берүү мекемеси да жеке менчик болуп, «Прогресс» ОООго катталган.
Ал эми «Индиго Сапат» билим берүү мекемеси да жеке менчик болуп, Кузобаева Чолпон Төлөгөновнага катталган.
"Агартуу министрлигинде бул окуу жайлардын ээлери алмашканы, анын ичинде мамлекеттин менчигине өткөнү тууралуу маалымат жок",-деп айтылат маалыматта.