Агартуу министрлиги жаңы окуу жылына балдарды кабыл алуунун эрежесин айтып берди

Билим Загрузка... 03 Июль 2025 18:25
WhatsApp_Image_2025_m6SGZAB.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.07.25. /Кабар/. Кыргызстанда билим берүү системасын трансформациялоо активдүү уланууда. Бул тууралуу Агартуу министрлигинин мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусейинова билдирди.

Анын айтымында, учурда министрлик 12 жылдык билим берүүгө өтүүнү ишке ашыруу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүдө.

Жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты, реформанын концепциясы жана этап-этабы менен ишке ашыруу планы бекитилди.

Жаңы эрежеге ылайык, 2025-2026-окуу жылынан тарта мектептерге кабыл алуу электрондук каттоо аркылуу жүргүзүлөт.

– жаңы окуу жылында 2019-жылы туулган, “Наристе” даярдоо программасынан өтпөгөн балдар 1-класска кабыл алынат;

– 2-класска 2019-жылы туулган “Наристеден” өткөн балдар кабыл алынат;

– 2018-жылы төрөлгөн балдар да 2-класска кабыл алынат.

"Бул быйылкы жылдын өзгөчөлүгү. Кийинки жылдары 2-класска кабыл алуу жүргүзүлбөй, 1-класска гана кабыл алынат", - деди Кусейинова.

Ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө өтүү этап-этабы менен ишке ашырылат. Экинчи класска даярдоо программасы боюнча билим алган же нөлдүк класска барган балдар гана кабыл алынат. 1-2-класстар үчүн жаңы программалар иштелип чыккан. Кыргыз билим берүү академиясы 38 дисциплинанын предметтик стандарттарын бекитип, анда STEM багыттарына, илим, технология, инженерия жана математикага өзгөчө басым жасалган.

Кусейинованын айтымында, бардык мектептер мектеп жашындагы балдардын санына жараша биринчи жана экинчи класска кабыл алуу квотасын алышкан. Ички миграция күч алган Бишкекте айрым мектептерде окуучулардын саны толуп калышы мүмкүн.

"Эгер балдардын саны квотадан ашса, альтернативалык вариант болушу мүмкүн, мында класстарды бала бакчанын имараттарына убактылуу жайгаштыруу маселеси каралат. Бирок мындай муктаждык жаралбайт деп ишенебиз.

2025-2026-окуу жылында нөлүнчү класстар гана дароо 2-класска өтөт. Башка эч кандай өтүү каралган эмес. Мындан ары балдар 1-класска гана кабыл алынат. Реформанын кийинки этабында 3-класстан дароо 5-класска өтүү каралган, бирок бул кийинки этапта болот", - деп кошумчалады башкармалыктын башчы.