Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда жалпы билим берүү уюмдарында профилдик окутуу 2026-2027-окуу жылынан тарта этап-этабы менен киргизилет. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Жаңы система окуучулардын кызыгуусун, жөндөмүн жана кесиптик багытын эске алуу менен билим алуусун улантууга же келечектеги кесибине даярданууга багытталган.
Биринчи этапта, 2026-2027-окуу жылында 8-класстарда профилге чейинки даярдоо киргизилип, жогорку класстарда кесиптик-колдонмо багыттагы программалар сыноодон өткөрүлөт.
Экинчи этапта, 2027-2028-окуу жылында 9-класстарда профилге чейинки даярдоо улантылып, 11-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттар боюнча программалар киргизилет.
Үчүнчү этапта, 2028-2029-окуу жылында 12-класстарда академиялык жана кесиптик-колдонмо багыттагы профилдик программалар ишке кирет.
Академиялык багыт окуучуларды жогорку жана орто кесиптик билим алууга даярдоого багытталса, кесиптик-колдонмо багыт кесипке чейинки көндүмдөрдү калыптандырууга жана эмгек рыногуна даярдоого багытталат.