Агартуу министрлиги: 1-класска 56 миңден ашык бала катталды

Билим Загрузка... 20 Апрель 2026 15:25
WhatsApp_Image_2025_pPWpDWt.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Агартуу министрлиги "Мектеп" автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу балдарды 1-класска каттоо уланып жатканын эскертет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, бүгүнкү күнгө карата 56 миңден ашуун бала катталды.

Катталган балдардын аймактар боюнча бөлүштүрүлүшү:

  • Бишкек шаарыда – 8 959;
  • Ош облусунда – 11 898;
  • Жалал-Абад облусунда – 10 581;
  • Чүй облусунда – 6 619;
  • Баткен облусунда – 6 384;
  • Ысык-Көл облусунда – 4 699;
  • Нарын облусунда – 2 699;
  • Ош шаарында – 2 171;
  • Талас облусунда – 2 532.

Белгиленгендей, быйыл республика боюнча 190 миңден ашуун квота каралган.

Эскерте кетсек, балдарды 1-класска онлайн каттоо 1-апрелде башталган.