Агартуу министри жашаган жери боюнча мектепке каттоонун эрежесин эске салды

Билим Загрузка... 03 Июнь 2026 12:35
WhatsApp_Image_7sAWC35.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Кабар

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында жарандарды жеке өзү кабыл алып, билим берүү тармагына тиешелүү суроолорго жооп берди.

Кабыл алууга келгендердин бири борбор калаанын тургуну болуп, ал баласын жашаган жери боюнча мектепке киргизүү үчүн кошумча квота берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Министр бул кайрылууга жооп берип жатып, өзүнүн небересин мектепке киргизүүдө да ушундай эле кырдаалга туш болгонун белгиледи.

Анын айтымында, ал учурда маселе баланы окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класска киргизүү аркылуу чечилген.

Муну менен катар Кендирбаева мыйзамдар баарына бирдей экенин жана министрлик айрым мектептер же жарандар үчүн өзгөчөлүктөрдү түзө албай турганын баса белгиледи.

"Баары мыйзам чегинде иштеши керек", - деди министр.
WhatsApp_Image_bHUmJto.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Ал ата-энелерге ыңгайлуу болушу үчүн балдарды мектепке кабыл алуу электрондук каттоо тутуму аркылуу эки этап менен уюштурулганын эске салды.

"Биринчи этапта жашаган жери боюнча кабыл алуу каралган болсо, ал эми экинчи этапта ата-энелер бош орундар болгон учурда, катталган дарегине карабастан каалаган мектебине билдирүү жөнөтө алышат", - деди ал.

Агартуу министрлигинен электрондук каттоо тутуму бардык балдар үчүн билим алууга айкындуулукту жана тең укуктуулукту камсыз кылууга багытталганын белгилешти.

Эске салсак, бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында бир күнүн ЖМК өкүлдөрү менен бирге өткөрүп, жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөтүүдө.