Агартуу министри эмне үчүн ар жылы окуу китептери алмашып жатканын түшүндүрдү

Билим Загрузка... 24 Сентябрь 2025 17:09
01000000-0aff-0242-_v3uDjC2.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 24.09.25. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаев парламенттин жыйынында эмне үчүн ар жылы мектептерде окуу китептери алмашып жатканын айтып берди.

Депутат Чыңгыз Ажибаев ага көптөгөн ата-энелер бул жылы сатып алган китептери кийинки жылга жарабай калганын көп айтып кайрылышканын билдирди. Депутат эмне үчүн мындай болуп жатканына кызыкты.

"Биз жаңы мамлекеттик билим берүү стандартын кабыл алдык. 47 предметтик стандарттар кабыл алынды. Мамлекет тарабынан берилүүчү предметтердин тизмеси июнь айында эле илинген. Бул тизмеде кайсы класстар кандай сабактар боюнча окуша турганы жазылган.

Биз жаңы китептерди 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн чыгарып жатабыз. Бул китептердин бардыгы бекер берилет. Бул китептер дагы 10 жылсыз алмашпайт. Ооба, буга чейин туруктсуз китеп саясаты болуп келген. Анда донорлордун каалоосу менен дагы эсептешүүгө туура келчү, анткени каржылоо донорлор тарабынан жүргүзүлөр эле.

НовыКыргызстанда биринчи жолу окуу китептери мамлекеттик бюджеттин эсебинен чыгарылууда. Ооба, график боюнча кичине жетишпей жатабыз, бирок китептер ар күнү чыгып жатат. Учурда нускасы 3 млн экземплярды түзөт. Орус тили боюнча окуу китептери эки өлкөнүн авторлору тарабынан иштелип чыккан жана жакын арада республикага орус тили боюнча 600 миңден ашык китеп келет", - деди ал.