Агартуу министри: Билим берүү эмгек рыногунун талабына шайкеш келиши керек

Билим 20 Февраль 2026 17:35
628711356_1359532459553828_4037551054290284762_n.jpg
637736900_1359532489553825_2796083917502964607_n.jpg
638336671_1359534496220291_4491175454079786830_n.jpg
638385021_1359532169553857_910218134662457028_n.jpg
638589396_1359532806220460_1275591604626204775_n.jpg
638743072_1359532449553829_8316194629833084407_n.jpg
639148008_1359532732887134_7402519324244559387_n.jpg
639457315_1359532452887162_2142965940366525639_n.jpg
639921937_1359532572887150_5134626434395561425_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 20.02. 26. /Кабар/. Бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Республикалык илимий-методикалык борбордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, алгач борбордун окуу жана иш бөлмөлөрүн, китепканасын, ошондой эле жатаканасынын шарттарын көрүп чыкты.

Андан соң министр борбордун эмгек жамааты жолугушууда бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө жумушчу кесиптерге суроо-талап жогору экенин белгилеп, жумушсуздукту азайтууда кесиптик лицейлердин орду өзгөчө мааниге ээ экенин айтты.

"Ар бир өзгөрүү — бул күрөш. Биз кесипке багытталган билим берүүгө өттүк. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө жумушчу кесиптер биринчи орунда турат. Ошондуктан билим берүү системасы эмгек рыногунун талаптарына шайкеш келиши зарыл.

Биздин негизги максатыбыз — атаандаштыкка жөндөмдүү, заманбап технологияларды өздөштүргөн, өз кесибин мыкты билген адистерди даярдоо. Бул багытта окуу программаларын жаңылоо, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана педагогдордун квалификациясын жогорулатуу иштерин күчөтөбүз", — деди министр.

Министр кесиптик лицейлерди санариптештирүү үчүн "Санарип кампа" жана "АИС мугалим" базаларын түзүү тапшырмасын берди. Борбордун директору А. Карабаев билдиргендей, мекеме окуу мазмунун методикалык жактан камсыз кылып, адистердин квалификациясын жогорулатууда. Маалыматка ылайык, 2025-жылы 900дөн ашык мугалим кайра даярдоо курстарынан өткөн.