Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" медиа долбоорунун алкагында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге №99 кесиптик лицейине барды.
Окуу жайды кыдыруу учурунда лицейдин окуучулары министрге окуу процессинин алкагында өздөрү иштеп чыккан IT-долбоорлорун, санариптик иштеп чыгууларын жана программалык чечимдерин тааныштырышты. Ошондой эле конокторго студенттер ар кандай даярдоо багыттары боюнча практикалык көндүмдөрдү ала турган заманбап окуу лабораториялары көрсөтүлдү.
Лицейдин директору билдиргендей, бул окуу жайда билим алууга болгон кызыгуу жылдан-жылга өсүүдө. Ушул окуу жылында лицейдин долбоордук сыйымдуулугу 500 орунга ылайыкталганына карабастан, мында 700гө жакын студент билим алууда.
Министр менен баарлашуу учурунда окуучулар өздөрүнүн долбоорлору тууралуу айтып беришип, алардын айрымдары буга чейин эле киреше алып келе баштаганын айтышты.
Студенттердин айтымында, алган билимдери жана практикалык көндүмдөрү өздөрүнүн иштеп чыгууларын өркүндөтүүгө гана эмес, аларды практикада ийгиликтүү ишке ашырууга да шарт түзүүдө.
Эске салсак, бүгүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева "Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы" долбоорунун алкагында бир күнүн ЖМК өкүлдөрү менен бирге өткөрүп, ведомство башчысынын жумуш күнү кандай өтөрүн көрсөтүүдө.