Ага Хан фонду Кыргызстанда билим берүү сапатын жогорулатууга көмөктөшөт

Билим 16 Июль 2025 12:35
518100082_1174273444746398_7040988836278280798_n.jpg
518251347_1174273441413065_7025218678818481695_n.jpg
518273483_1174273324746410_8816980892073072331_n.jpg
518315951_1174273318079744_1734590400132971661_n.jpg
518314171_1174273331413076_7236477321527602861_n.jpg
Алдыга
Артка
518100082_1174273444746398_7040988836278280798_n.jpg
518251347_1174273441413065_7025218678818481695_n.jpg
518273483_1174273324746410_8816980892073072331_n.jpg
518315951_1174273318079744_1734590400132971661_n.jpg
518314171_1174273331413076_7236477321527602861_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. Ага Хан фонду Кыргызстанда билим берүү сапатын жогорулатууга көмөктөшөт. Маселе күн мурун агартуу министри Догдуркүл Кендирбаеванын Ага Хан фондунун Кыргызстандагы өкүлү Баркат Фазал менен жолугушуусунда талкууланды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун негизги максаты билим берүү тармагындагы кызматташтыкты өркүндөтүү болду.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мугалимдердин STEM предметтери боюнча дасыктыгын жогорулатуу маселеси талкууланды. Ушул жылдын август айынын экинчи жарымында Ага Хан фонду тарабынан чет өлкөлүк тренерлер Кыргызстанга келип, мугалимдер үчүн атайын окутууларды өткөрүшөт.

Министр өз сөзүндө жаш муундун келечеги бүгүнтөн калыптанып жатканын белгилеп, аларды мекенге кызмат кылууга багыттоо мамлекет үчүн башкы жетишкендик экенин баса белгиледи. Ал бул максатка жетүү үчүн билим берүү системасындагы бардык чакырыктарды кабыл алууга даяр экенин билдирди.

Баркат Фазал өз кезегинде Кыргызстандын билим берүү тармагына жогорку деңгээлде колдоо көрсөтүлүп жатканын оң баалап, фонд мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Жолугушууда ошондой эле агартуу министринин 2025-жылдын январь айында Пакистанга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгында жетишилген макулдашуулар тууралуу да сөз болду. Тактап айтканда, өлкөбүздө медициналык билим берүүнү чыңдоо максатында атайын жол картасы иштелип чыккан. Бул багыттагы иш-аракеттерди мындан ары Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги улантат.