Афганистандагы жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 250дөй адам каза тапты — Кабар

Афганистандагы жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 250дөй адам каза тапты

Дүйнө 1 сентябрь 2025 11:10
Афганистандагы жер титирөөнүн кесепетинен кеминде 250дөй адам каза тапты
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 1.09.25 /Кабар/. Афганистанда күчү 6,2 баллдык жер титирөө катталып, анын кесепетинен кеминде 250дөй адам каза таап, 500дөн ашууну жабыркады. Бул тууралуу NBC телеканалына таянып, Риа Новости билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, өлкөдө масштабдуу куткаруу иштери башталып, жабыркагандарга жардам берүү үчүн жүздөгөн адамдар тартылды.

Европалык-Жер Ортолук сейсмологиялык борбору (EMSC) жер титирөөнүн күчү 6,2 балл деп белгилеп, очогу Желалабад шаарынан түндүк-чыгышты карай 57 чакырым аралыкта жана 35 чакырым тереңдикте жайгашканын маалымдаган.