Афганистанда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20га жетти

Дүйнө Загрузка... 03 Ноябрь 2025 17:46
WhatsApp Image 2025-11-03 at 17.29.23.jpeg

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.11.25 /Кабар/. Афганистанда болгон күчтүү жер титирөөдөн каза болгондордун саны 20га жетип, 320дан ашык адам жаракат алды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, жер титирөө 3-ноябрга караган түнү калкы 500 миңден ашкан Мазари-Шариф шаарында катталган.

Зыян тарткан жерлердин бири - Мазари-Шарифтеги Көк мечит. Бул мечит зыяратчылар үчүн маанилүү диний жай болуп саналат.

Афганистан тектоникалык жаракалардын кесилишинде жайгашкандыктан, мындай кырсыктар тез-тез болуп турат. Буга чейин, 1-сентябрдагы жер титирөөдөн 2 миң 200дөн ашуун адам каза болгон.