Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Афганистанда интернет толугу менен өчүрүлдү. Бул өлкөнү башкарган «Талибан» кыймылынын адеп-ахлак нормаларын сактоо боюнча чараларынын алкагында болуп жатканы менен байланыштуу деп жазды РИА Новости интернетти көзөмөлдөөчү NetBlocks кызматына шилтеме берүү менен.
«Афганистан учурда интернеттин толук өчүрүлүш абалында турат», — деп жазылган аталган кызматтын X социалдык тармагындагы баракчасында.
NetBlocks'тун маалыматына ылайык, эртең менен бир нече түйүндөр (тармактар) өчүрүлүп, андан кийин телефон байланышына да чектөө киргизилген.
Буга чейин дүйшөмбү күнү NetBlocks Афганистанда интернет байланышы боюнча кеңири масштабдагы үзгүлтүктөр болуп жатканын билдирген.