Бишкек, 03.11.25. /Кабар/. Афганистанда болгон күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 7 адамга жетти, дагы 150гө жакын адам түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу Reuters агенттиги жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө таянып билдирди.
Балх провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Хаджи Заиддин айтымында, буга чейин 4 адамдын каза болгону маалымдалган, бирок издөө жана куткаруу иштери жүрүп жаткандыктан, курмандыктардын саны көбөйүүдө.
Европа–Жер ортолук сейсмологиялык борборунун маалыматына караганда, жер титирөөнүн күчү 6,3 балл болуп, очогу Афганистандын борбордук бөлүгүндө, болжол менен 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, жер титирөө турак үйлөргө жана инфраструктура объектилерине олуттуу зыян келтирген. Куткаруу кызматкерлери менен дарыгерлер жабыркагандарга жардам көрсөтүп, урандылардын арасынан издөө иштери улантылууда.