Афганистанда 4 миллионго жакын бала ачкачылыкка кабылды

Дүйнө 126 13 Август 2026 16:00
17866132783915656258_1200x630.jpeg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Афганистанда 4 миллионго жакын бала, башкача айтканда ар бир онунчу бала ачкачылыктан жабыркап жатат. Бул тууралуу "Балдарды сактагыла" (Save the Children) уюму билдиргенин АЗЕРТАЖ жазды.

Уюмдун маалыматына караганда, өлкөдө саламаттык сактоо системасын каржылоо жетишсиз болгондуктан, балдарга көрсөтүлүүчү негизги медициналык кызматтар кыскарууда. Гуманитардык жардамдын азайышынын натыйжасында 600гө жакын маанилүү медициналык мекеме жабылган. Буга чейин бул кызматтардан 4 миллионго жакын адам, анын жарымы балдар, пайдаланып келген.

Акыркы төрт жылда Афганистанга берилген гуманитардык жардамдын көлөмү дээрлик 70%га азайып, 2022-жылдагы 3,27 млрд доллардан 2025-жылы 1 млрд долларга түшкөн. 2026-жылдын ортосуна карата гуманитардык жардамга 438 млн доллар гана бөлүнүп, каржылоо тартыштыгы 74%ды түзгөн.

Мындан тышкары, 2023-жылдын сентябрынан бери өлкөнүн калкы 12%га көбөйгөн. Бул негизинен Пакистан менен Ирандан 6 миллиондон ашык афган жаранынын кайтып келишине байланыштуу.