Жаратылыш министрлигине 39 унаа жана атайын техниканын ачкычы тапшырылды

Министрлер кабинети 27 Сентябрь 2025 12:55
68d7802fe32bc-thumb.jpeg
68d78042ba05d-thumb.jpeg
68d78042c2a31-thumb.jpeg
68d78042d09d6-thumb.jpeg
68d78042edb84-thumb.jpeg
68d78042f1710-thumb.jpeg
68d780348b723-thumb.jpeg
68d780427bd9f-thumb.jpeg
68d780431e10e-thumb.jpeg
68d78042909f0-thumb.jpeg
68d7803000680-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68d7802fe32bc-thumb.jpeg
68d78042ba05d-thumb.jpeg
68d78042c2a31-thumb.jpeg
68d78042d09d6-thumb.jpeg
68d78042edb84-thumb.jpeg
68d78042f1710-thumb.jpeg
68d780348b723-thumb.jpeg
68d780427bd9f-thumb.jpeg
68d780431e10e-thumb.jpeg
68d78042909f0-thumb.jpeg
68d7803000680-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.09.25./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине жаңы автоунаа жана атайын техникалардын ачкычын тапшыруу аземине катышты. 

Анда сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, экология дүйнөлүк деңгээлдеги курч маселелерге айланганын, ошол себептүү жаратылышты, табиятты сактап кийинки муундарга өткөрүп берүү ишин министрлик ийгиликтүү ишке ашырсын деген максатта жаңы атайын техникалар тапшырылып жатканын айтты. Ал ошондой эле, президент Садыр Жапаровдун табиятты коргоо маселелерине өзгөчө маани берерин белгиледи. 

“Урматтуу президентибиз өзү үлгү көрсөтүп таштанды тазалоо акцияларына катышканын сиздер билесиздер. Табиятты сактоо канчалык маанилүү экенин сезип жатабыз. Бир эле далил мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарып жатканы. Андыктан чечкиндүү жана натыйжалуу аракеттер зарыл. Белгилей кетсем, тапшырылып жаткан техникалар айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн түшкөн каражаттардын эсебинен алынды. Бул сиздердин эмгегиңиздер, ишке берилгендигиңиздер жана Кыргызстандын табиятын коргоо жолундагы даярдыгыңыздар. Ушул заманбап техникалардын келиши жана сиздердин күжүрмөн эмгегиңиздер менен министрлик дагы динамикалуу, натыйжалуу иштеп, жаңы мүмкүнчүлүктөр менен Кыргызстан табиятын коргой алат деген ишенимимди билдирем”, - деди Адылбек Касымалиев. 

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында тапшырылган автоунаа жана атайын техникалардын (пикаптар, жеңил жүк ташуучу унаалар жана катерлер) жалпы саны 39 даана.