Адылбек Касымалиев Жалал-Абаддагы ГЭСтердин абалы менен таанышты

Министрлер кабинети 27 Июнь 2026 18:00
6a3facd0a5aee.jpeg
6a3facd79b858.jpeg
6a3facd6622cc.jpeg
6a3facd652e6a.jpeg
6a3facd599cc5.jpeg
6a3facd591bc2.jpeg
6a3facd541f57.jpeg
6a3facd46d312.jpeg
6a3facd3c2acc.jpeg
6a3facd364d71.jpeg
6a3facd25bc71.jpeg
6a3facd15db40.jpeg
6a3facd07a888.jpeg
6a3faccfb91b4.jpeg
6a3faccf51f85.jpeg
Алдыга
Артка
6a3facd0a5aee.jpeg
6a3facd79b858.jpeg
6a3facd6622cc.jpeg
6a3facd652e6a.jpeg
6a3facd599cc5.jpeg
6a3facd591bc2.jpeg
6a3facd541f57.jpeg
6a3facd46d312.jpeg
6a3facd3c2acc.jpeg
6a3facd364d71.jpeg
6a3facd25bc71.jpeg
6a3facd15db40.jpeg
6a3facd07a888.jpeg
6a3faccfb91b4.jpeg
6a3faccf51f85.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын дарыясынын каскадындагы үч ири гидроэлектростанциянын иши жана курулушу менен жеринде таанышты.

Алгач минкаб төрагасы иштеп жаткан Камбар-Ата-2 ГЭСинде болду. Станциянын курулушу 1986-жылы башталган. 2010-жылдын 27-ноябрында 120 МВт кубаттуулуктагы №1 гидроагрегат ишке киргизилген. Учурда министрлер кабинети тарабынан "Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү" долбоору ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында Камбар-Ата-2 ГЭСине дагы 120 МВт кубаттуулуктагы №2 гидроагрегат орнотулуп, станциянын жалпы кубаттуулугу эки эсеге көбөйтүлөт. Мындан тышкары, Камбар-Ата-2 ГЭСинин дамбасынын үстүнө кошумча суу төгүүчү курулма орнотуу боюнча долбоорду ишке ашыруу пландалууда.

Андан соң минкаб башчысы Камбар-Ата-1 ГЭС объектисине барып, Нарын дарыясы аркылуу курулуп жаткан көпүрөнүн жана анын айланасындагы курулуш аянтчаларысынын абалы менен таанышты. Учурда көпүрөнүн таяныч жана оң жээкке өткөрүүчү темир конструкциялары орнотулуп, кирүү жолдору кеңейтилүүдө. Ошондой эле убактылуу курулуш базасы толукталып, негизги ГЭСтин курулушун баштоого даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Адылбек Касымалиев инфраструктуралык объекттерди өз мөөнөтүндө бүтүрүү боюнча тапшырма берди.

Мындан соң Адылбек Касымалиев Токтогул ГЭСинин реконструкциядан кийинки иштөө абалы менен таанышты. Маалым болгондой, "Токтогул ГЭСин реконструкциялоо" долбоорунун алкагында 2025-жылы станциянын бардык 4 гидроагрегаты көмөкчү жабдуулар менен бирге жаңы заманбап жабдууларга алмаштырылган. Муну менен катар, азыркы учурда эскирген башкаруу панелдери заманбап санарип системасына алмаштырылууда жана Токтогул суу сактагычынын плотинасынын мониторинг системалары күчөтүлүп, сейсмикалык коопсуздук боюнча кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүүдө.

Сапардын жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасы энергетиктерге күз-кыш мезгилине өз убагында даярдануу, гидротехникалык курулмалардын техникалык коопсуздугун камсыздоо жана тармактардын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тапшырмаларды берди.