Адылбек Касымалиев юристтерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинети Загрузка... 28 Июнь 2026 10:30
26412_1782474046_lg.jpg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн юристтерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоо тексти:

"Урматтуу юристтер жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү! 

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Юристтер күнү менен куттуктайм! 

Мамлекеттин жана коомдук мамилелердин динамикалык өнүгүү шарттарында юридикалык кесип өзгөчө мааниге ээ болот. Бүгүнкү күндө юристтер укук колдонуу процессинин катышуучулары гана эмес, мамлекеттик башкарууну өркүндөтүүгө, өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун бекемдөөгө жана укуктук институттардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган реформаларды активдүү жүргүзүүчүлөр болуп саналат. 

Бүгүнкү күндө юридикалык коомчулуктун алдында мыйзамдарды өркүндөтүү, укук колдонуу практикасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана коомдун мамлекеттик бийлик институттарына болгон ишенимин бекемдөө менен байланышкан жооптуу милдеттер турат. Укуктук тутумдун туруктуулугу, жарандардын жана мамлекеттин мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле өлкөнүн туруктуу өнүгүшү сиздердин кесипкөйлүгүңүздөн, принципиалдуулугуңуздан жана тандалган ишке берилгендигиңизден көз каранды. 

Сиздер күнүмдүк эмгегиңиздер менен мыйзамдуулукту камсыз кылууга, жогорку укуктук маданиятты калыптандырууга жана адилеттүүлүк принциптерин бекитүүгө олуттуу салым кошуп жатасыздар. Кесиптик милдетке берилгендик, терең билим жана ишке жоопкерчиликтүү мамиле чын жүрөктөн урматтоого жана жогору баалоого татыктуу. 

Өз ишмердигин мыйзамга кызмат кылууга, адам укуктарын коргоого жана Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөгө арнагандарга ыраазычылык билдирем. Юридикалык коомчулук мындан ары да демократиялык институттарды өнүктүрүүгө, укуктук системаны өркүндөтүүгө жана коомдук туруктуулукту камсыз кылууга татыктуу салымын кошот деп ишенем. 

Сиздерге чың ден соолук, бакубатчылык, кесиптик ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана алдыга койгон максаттарды ишке ашырууну каалайм. Сиздердин ишмердүүлүгүңүздөр ар дайым мамлекеттин, коомдун жана ар бир жарандын кызыкчылыгына кызмат кылсын. 

Майрамыңыздар менен! Юристтер күнү менен!"