Адылбек Касымалиев Ысык-Көлдөгү эл аралык иш-чараларга даярдыкты текшерди

Министрлер кабинети 28 Июль 2026 18:00
6a68942f297ca-thumb.jpeg
6a68942f88535-thumb.jpeg
6a68943a5efa4-thumb.jpeg
6a68943a488a0-thumb.jpeg
6a68943aed3e8-thumb.jpeg
6a68943b3eba5-thumb.jpeg
6a689432a3841-thumb.jpeg
6a689433ea47b-thumb.jpeg
6a689438a13e4-thumb.jpeg
6a6894302fd45-thumb.jpeg
6a6894316af9c-thumb.jpeg
6a6894318ed19-thumb.jpeg
6a6894330bcf1-thumb.jpeg
6a6894375eeb5-thumb.jpeg
6a68943505b39-thumb.jpeg
6a68943835fbc-thumb.jpeg
6a689436401fe-thumb.jpeg
6a68942de5770-thumb.jpeg
6a68942e9ac1b-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6a68942f297ca-thumb.jpeg
6a68942f88535-thumb.jpeg
6a68943a5efa4-thumb.jpeg
6a68943a488a0-thumb.jpeg
6a68943aed3e8-thumb.jpeg
6a68943b3eba5-thumb.jpeg
6a689432a3841-thumb.jpeg
6a689433ea47b-thumb.jpeg
6a689438a13e4-thumb.jpeg
6a6894302fd45-thumb.jpeg
6a6894316af9c-thumb.jpeg
6a6894318ed19-thumb.jpeg
6a6894330bcf1-thumb.jpeg
6a6894375eeb5-thumb.jpeg
6a68943505b39-thumb.jpeg
6a68943835fbc-thumb.jpeg
6a689436401fe-thumb.jpeg
6a68942de5770-thumb.jpeg
6a68942e9ac1b-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунда эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык, туристтик, маданий жана спорттук объектилердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди. 

Атап айтканда, минкаб төрагасы "Ысык-Көл" эл аралык аэропортуна барып, инфраструктуранын учурдагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан даярдоо иштери менен таанышты.

Ысык-Көл районунун Бает айылында министрлер кабинетинин төрагасы "UIM F1H2O – Кыргызстандын Гран-приси Ысык-Көл 2026" эл аралык спорттук иш-чарасын өткөрүүгө даярдык көрүүнү текшерди. Ага уюштуруу иштери жана зарыл инфраструктураны даярдоо боюнча маалымат берилди. 

Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборуна барып, "Гольф Резорт Ысык-Көл" комплексин куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле Чолпон-Атадагы Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборунда (Ипподром) курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди. 

Ал ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн арена куруу долбоору менен да таанышты. 

Сапарынын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн текшерди. Этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндамалар берилди.

Адылбек Касымалиев объекттерге баргандан кийин, тийиштүү мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына алдыдагы эл аралык иш-чаралардын катышуучуларын жана конокторун жогорку уюштуруучулук деңгээлде тосуп алуу, коопсуздук, көрктөндүрүү, инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл буруп, бардык даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоону камсыз кылууну тапшырды.