Адылбек Касымалиев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Министрлер кабинети Загрузка... 20 Июнь 2026 14:00
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 20.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев дипломатиялык миссиясы аяктап жаткан Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулерди кабыл алды.

Адылбек Касымалиев Николас Боулердин Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясы учурунда эки тараптуу кызматташтык байкаларлык жанданганын белгиледи.

Минкаб башчысы Николас Боулерге эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого кошкон жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирип, министрлер кабинетинин ардак грамотасын тапшырды.

Өз кезегинде Николас Боулер өзүнүн миссиясы учурунда көрсөтүлгөн колдоо үчүн Кыргызстандын жетекчилигине жана мамлекеттик мекемелерине ыраазычылык билдирди.

Жыйынтыгында тараптар кыргыз-британ мамилелерин мындан ары да бекемдөөгө, өз ара ишенимге жана урмат-сыйга негизделген өнөктөштүктү тереңдетүүгө болгон бекем ниетин билдиришти.