Адылбек Касымалиев Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

Министрлер кабинети 22 Май 2026 13:35
6a1005dce04ff (1).jpeg
6a1005df552f9.jpeg
6a1005dcd80eb.jpeg
6a1005de7ab9f.jpeg
6a1005e21cc8b.jpeg
6a1005e146495.jpeg
Алдыга
Артка
6a1005dce04ff (1).jpeg
6a1005df552f9.jpeg
6a1005dcd80eb.jpeg
6a1005de7ab9f.jpeg
6a1005e21cc8b.jpeg
6a1005e146495.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Түркмөнстанга болгон иш сапарынын алкагында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолукту.

Эки тараптуу жолугушуу минкаб төрагасынын Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында өттү.

Минкаб төрагасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жолдоду.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-түркмөн кызматташтыгынын күн тартибиндеги бир катар актуалдуу маселелер талкууланды.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика жана транспорт тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого өзгөчө көңүл бурулду.