Адылбек Касымалиев тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн инвесторлорду кабыл алды

Министрлер кабинети 29 Май 2026 18:00
6a1977f96a4f9 (1).jpeg
6a1977fe58af9.jpeg
6a19781a871c6.jpeg
6a197824d9ee0.jpeg
6a19780278582.jpeg
Алдыга
Артка
6a1977f96a4f9 (1).jpeg
6a1977fe58af9.jpeg
6a19781a871c6.jpeg
6a197824d9ee0.jpeg
6a19780278582.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн “Hunan Global South Industry” кытайлык компаниянын өкүлү Хэ Руцю баштаган инвесторлорду кабыл алды. 

Жолугушууда Кыргызстандын аймагында геологиялык чалгындоо долбоорлорун ишке ашыруунун мүмкүнчүлүктөрүн кароо маселелери сүйлөшүлдү. 

Инвесторлор геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө, кадрларды даярдоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган олуттуу инвестиция салууга даяр экендигин билдиришти. 

Инвесторлордун сунуштарын уккан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекет маанилүү минералдар, полиметаллдар жана сейрек кездешүүчү элементтер тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу үчүн чет элдик инвесторлорду тартууга кызыкдар жана иштешүүгө даяр экенин белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди. 

Жолугушуунун соңунда мындан аркы инвестициялык эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасы менен кызматташуунун мүмкүн болгон форматтарын талкуулап, иш жүргүзүү макулдашылды.