Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык эл аралык форумуна катышты

Министрлер кабинети 17 Июнь 2026 14:30
6a3259796c510 (1).jpeg
6a3259d2db228.jpeg
6a3259b23a349.jpeg
6a32599a86b41.jpeg
6a32598158a89.jpeg
6a3259811bae2.jpeg
6a32598013deb.jpeg
6a32597e700e8.jpeg
6a32597cd9c08.jpeg
6a32597bd0fc2.jpeg
6a32597af3210.jpeg
6a3259796c510.jpeg
6a3259796a49e.jpeg
Алдыга
Артка
6a3259796c510 (1).jpeg
6a3259d2db228.jpeg
6a3259b23a349.jpeg
6a32599a86b41.jpeg
6a32598158a89.jpeg
6a3259811bae2.jpeg
6a32598013deb.jpeg
6a32597e700e8.jpeg
6a32597cd9c08.jpeg
6a32597bd0fc2.jpeg
6a32597af3210.jpeg
6a3259796c510.jpeg
6a3259796a49e.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. 

Анда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ташкент дагы бир жолу аймактын келечеги үчүн конкреттүү чечимдерди талкуулоочу аянтчага айланганын белгиледи. 

“Кыргызстан тоо-кен, энергетика, транспорт жана логистика сыяктуу артыкчылыктуу багыттар боюнча кызматташууга дайым даяр. Бүгүнкү күндө Борбор Азия Евразиядагы эң келечектүү аймактардын бирине айланууда. Акыркы жылдары региондун өлкөлөрү саясий диалогдун жана экономикалык кызматташтыктын жогорку деңгээлин көрсөтүштү. Ишенимдүүлүктүн, жакшы коңшулаштыктын жана биргелешип өнүгүүнүн жаңы мейкиндиги пайда болууда, бул бүткүл аймактын инвестициялык жагымдуулугун олуттуу жогорулатат”, — деди Касымалиев. 

Ал эми өз сөзүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын борбору жогорку мамлекеттик расмий кызмат адамдарынын, дүйнөдөгү ири корпорациялардын жетекчилеринин, эл аралык каржы институттарынын аренасына айланганын айтып, форумга катышуу үчүн келген конокторго ыраазычылык билдирди. 

Мындан тышкары Албаниянын президенти, ошондой эле Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын өкмөт башчылары жана башка мамлекеттердин жогорку расмий кызмат адамдары өз мамлекеттериндеги инвестициялык потенциалдары жөнүндө баяндашты, бир катар эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк ири каржы институттарынын өкүлдөрү катышты. 

Маалыматтар боюнча, Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна жалпы 100дөн ашуун мамлекеттен экономиканын реалдуу секторунан 4 миңге жакын чет элдик делегат жана 8 миңден ашуун катышуучу катталган. Анда 42 трлн доллар активдери бар компаниялар чогулган.

Адистердин баамында, Ташкент эл аралык инвестициялык форуму – Ташкент үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн масштабдуу окуялардын бири. Форумдун программасына мамлекеттик кызмат адамдарынын деңгээлиндеги пленардык сессиялар, эксперттик талкуу жүргүзгөн жолугушуулар, панелдик сессиялар, тегерек столдор жана B2B сүйлөшүүлөрү кирген. Анын алкагында алар соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө жана башка көптөгөн тармактарда эки тараптуу жана көп тараптуу практикалык кызматташуу маселелери талкууланып, инвестициялык келишимдерге кол коюлду.