Талас жаңыланууда: Оорукана, стадион жана президенттик лицейдин курулушу текшерилди

Министрлер кабинети 24 Март 2026 14:24
69c23a835b31a.jpeg
69c23a9a36777-thumb.jpeg
69c23a9c971b6-thumb.jpeg
69c23a9cd52a8-thumb.jpeg
69c23a9e02564-thumb.jpeg
69c23a9f69f0d-thumb.jpeg
69c23a9f99344-thumb.jpeg
69c23aa063dd6-thumb.jpeg
69c23aa100f65-thumb.jpeg
69c23aa1931c6-thumb.jpeg
69c23a8b023ac-thumb.jpeg
69c23a8c8c213-thumb.jpeg
69c23a8cc816d-thumb.jpeg
69c23a8f25117-thumb.jpeg
69c23a83a2ee8-thumb.jpeg
69c23a89a44e1-thumb.jpeg
69c23a90b4290-thumb.jpeg
69c23a95c37ea-thumb.jpeg
69c23a835b31a-thumb.jpeg
69c23a931de86-thumb.jpeg
69c23a97126f7-thumb.jpeg
69c23a868242b-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69c23a835b31a.jpeg
69c23a9a36777-thumb.jpeg
69c23a9c971b6-thumb.jpeg
69c23a9cd52a8-thumb.jpeg
69c23a9e02564-thumb.jpeg
69c23a9f69f0d-thumb.jpeg
69c23a9f99344-thumb.jpeg
69c23aa063dd6-thumb.jpeg
69c23aa100f65-thumb.jpeg
69c23aa1931c6-thumb.jpeg
69c23a8b023ac-thumb.jpeg
69c23a8c8c213-thumb.jpeg
69c23a8cc816d-thumb.jpeg
69c23a8f25117-thumb.jpeg
69c23a83a2ee8-thumb.jpeg
69c23a89a44e1-thumb.jpeg
69c23a90b4290-thumb.jpeg
69c23a95c37ea-thumb.jpeg
69c23a835b31a-thumb.jpeg
69c23a931de86-thumb.jpeg
69c23a97126f7-thumb.jpeg
69c23a868242b-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 24.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарында бир катар социалдык объектилердин курулушу менен таанышты.

Алгач ал Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушун көрүп чыкты. 6,5 гектар аянтка курулуп жаткан бул обьект Турукташтыруу фонду жана Талас облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда. 

Андан соң Чолпон Мамбетов атындагы Талас облустук биргелешкен ооруканасына барды.

Мында минкаб башчысына оорукана бүгүнкү күндө үч жерде жайгашып дарыгерлердин бөлүмдөн бөлүмгө консультация жасоолору, дары-дармектерди , тамак-ашты жеткирүү чоң көйгөйдү жаратып, күйүүчү майга кеткен финансылык каражаттары өсүп жаткандыктан, бир жерге заманбап 300 орундуу оорукана куруу зарылчылыгы айтылды.

Өз кезегинде минкаб төрагасы аталган маселени чечүү боюнча тапшырмаларды берди. 

Ошондой эле Адылбек Касымалиев “Эне жана баланын ден соолугун коргоо” программасынын алкагында курулуп жаткан 63 орундуу перинаталдык борборду көрүп чыкты.  

Бул курулуш долбоорунун жалпы суммасы 6 млн еврону түзүп, Германия өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашууда.

Мындан сырткары, Талас шаарынын борбордук стадионунун курулушун да көрүп чыкты. Стадион ушул жылы эгемендүүлүк майрамына карата ишке берилет. 

Ошондой эле минкаб башчысы “Акылман” президенттик лицейинин Талас шаарындагы имаратынын, Талас шаарынын борбордук мечити жана Талас шаардын борбордук паркынын жана К. Нуржанов атындагы аллеянын курулушун көрүп чыгып, Турукташтыруу фонду тарабынан каржыланып, курулуп жаткан Талас мамлекеттик университетинин имаратына дагы барды.

Адылбек Касымалиев бул объектилер боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга ишти сапаттуу жана өз мөөнөтүндө аяктоо боюнча тапшырмаларды жеринде берди.