Адылбек Касымалиев Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Министрлер кабинети 16 Июнь 2026 19:10
6a31456a8fa40 (1).jpeg
6a314594eba3c.jpeg
6a31458f9dcb6.jpeg
6a31458a0a030.jpeg
6a3145891982f.jpeg
6a3145882ec16.jpeg
6a31457e3ab5c.jpeg
6a314573d6850.jpeg
Алдыга
Артка
6a31456a8fa40 (1).jpeg
6a314594eba3c.jpeg
6a31458f9dcb6.jpeg
6a31458a0a030.jpeg
6a3145891982f.jpeg
6a3145882ec16.jpeg
6a31457e3ab5c.jpeg
6a314573d6850.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 16.06.26. /Кабар/. Өзбекстанга иш сапары менен барган министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолукту. 

Анда минкаб төрагасы Шавкат Мирзиёевге Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун жылуу саламын жолдоп, Кыргызстан Өзбекстан менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин белгиледи. 

Ал ошондой эле Ташкент инвестициялык эл аралык форуму аймактагы инвестициялык кызматташуу тармагындагы негизги иш-чарага айланып, аймактын бизнес-коомчулугуна жана көптөгөн эл аралык өнөктөштөргө байланыштарды орнотуу үчүн бардык шарттар түзүлүп жатканын, бул аракеттердин баары Борбор Азияда туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга алып келерине ишенерин билдирди.

Жолугушууда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө биргелешкен долбоорлор жана демилгелер жигердүү илгериленип, аймактар аралык кызматташуу өнүгүп, тиешелүү Жол карталарында бекитилген макулдашуулар ийгиликтүү ишке ашырылып жатканы сүйлөшүлдү.

Мындан тышкары жолугушууда үстүбүздөгү жылга жогорку деңгээлде эки тараптуу жолугушуулар, иш-чаралар, ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын катышуусунда көп тараптуу маанилүү окуялар белгиленгенин, аларды уюштуруп өткөрүүгө кыргыз тарап активдүү даярдыктарды көрүп жатканы жана анын алкагында бир катар документтерге кол коюлары айтылды. 

Белгилей кетсек, эки тараптуу жолугушуу Ташкент инвестициялык V эл аралык форумунун алкагында өттү.