Адылбек Касымалиев сел боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү

Министрлер кабинети 04 Май 2026 16:23
IMG_0438.jpeg
IMG_0439.jpeg
IMG_0440.jpeg
IMG_0441.jpeg
IMG_0442.jpeg
IMG_0443.jpeg
IMG_0444.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_0438.jpeg
IMG_0439.jpeg
IMG_0440.jpeg
IMG_0441.jpeg
IMG_0442.jpeg
IMG_0443.jpeg
IMG_0444.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 04.05.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы сел жүрушүнө байланыштуу кырдаал боюнча ыкчам кеңешме өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө өзгөчө кырдаалдар министринин жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн учурдагы кырдаал жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндамалары угулду. 

Жер-жерлерде сел агызып келген ылайларды тазалоо, унаа жолдорун жана жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча иштер кызуу жүрүп жатканы белгиленди.

Кесепеттерди жоюуга ӨКМ, ИИМ, Коргоо министрлигинин бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары жана атайын техникалар тартылган.

Кеңешменин жыйынтыгында тиешелүү органдарга бир катар тапшырмалар берилди, анын ичинде кырдаалга мониторинг жүргүзүү, калыбына келтирүү иштерин ыкчам жана сапаттуу аткаруу, келтирилген зыянды баалоо жана селдин келип чыгышын алдын алуу боюнча кошумча чараларды иштеп чыгуу милдеттендирилди.