Адылбек Касымалиев Санкт-Петербургда өзү окуган университетте лекция окуду

Министрлер кабинети 19 Июнь 2026 15:35
6a35027b930f6.jpeg
6a35027d79249.jpeg
6a35027d000a5.jpeg
6a35027c74c27.jpeg
6a350279b672d.jpeg
6a350278b9348-thumb.jpg
6a350278a18b1-thumb.jpg
6a3502785441d-thumb (1).jpg
6a35027a04aca.jpeg
Алдыга
Артка
6a35027b930f6.jpeg
6a35027d79249.jpeg
6a35027d000a5.jpeg
6a35027c74c27.jpeg
6a350279b672d.jpeg
6a350278b9348-thumb.jpg
6a350278a18b1-thumb.jpg
6a3502785441d-thumb (1).jpg
6a35027a04aca.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 19.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россияга болгон иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинде "Кыргызстандын экономикалык жетишкендиктери жана кыргыз-орус мамилелеринин учурдагы өнүгүүсү" темасында лекция окуду.

Өз сөзүндө Адылбек Касымалиев бул жогорку окуу жайы менен анын өмүрүндө жана кесиптик калыптануусунда маанилүү баракчалар байланышканын белгиледи. 

"Кырк беш жыл мурун дал ушул аудиторияларда менин экономикалык процесстерди, мамлекеттик башкаруунун ролун жана эл аралык кызматташуунун маанисин түшүнүүм калыптанган", - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын учурдагы абалына жана келечегине кеңири токтолду.

Адылбек Касымалиев студенттерге билим жөн гана кесиптик карьеранын негизи эмес, мамлекеттердин, коомдордун жана бүткүл евразиялык мейкиндиктин келечегин калыптандырарын белгиледи. 

"Силерге, келечектеги мамлекеттик кызматкерлерге, башкаруучуларга, экономисттерге мамлекеттерибиздин өнүгүүсү, экономиканын натыйжалуулугу жана жарандардын бакубаттыгы көз каранды болгон чечимдерди кабыл алууга туура келет", – деди ал.

Белгилей кетсек, лекциянын алдында Адылбек Касымалиевге Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетинин ардактуу доктору наамы тапшырылып, министрлер кабинетинин төрагасы университет жетекчилигине жана окумуштуулар кеңешине ыраазычылык билдирди. 

Эске салсак, министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 1984-жылы Санкт-Петербург мамлекеттик экономикалык университетин экономист адистиги боюнча аяктаган.