Адылбек Касымалиев Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь менен жолукту

Министрлер кабинети Загрузка... 27 Апрель 2026 16:05
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 27.04.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын коргоо министри – Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү адмирал Дун Цзюнь менен жолукту

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин буга чейинки жолугушууларында жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында, кыргыз-кытай кызматташтыгы акыркы жылдары түрдүү чөйрөдө тездик менен өсүп жатканы белгиленди. 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстан акыркы беш жылда экономикалык өнүгүү жолуна ишенимдүү кадам таштаганын, жогорку көрсөткүчтөргө жетүүдө Кытайдан өлкө экономикасына инвестиция тартылып жатканы да жогорку роль ойноорун белгиледи. 

“Кыргызстан Кытай менен кызматташууну өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет жана негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири катары карайт. Биз ошондой эле эл аралык уюмдардын, биринчи кезекте БУУ, ШКУ, “Кытай – Борбор Азия” кызматташтык форматы жана башкалардын алкагында активдүү кызматташып жатабыз. Биз кыргыз-кытай соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, мындан тышкары коопсуздук жана коргонуу жаатында да стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүүгө умтулабыз”, - деди минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев.

Өз кезегинде Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь алгач, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цяндын саламын жолдоп, Кытай Кыргызстан менен ар тараптуу кызматташууга кызыкдар экенини, анын ичинде аскерий чөйрө жаатында, коргоо жана коопсуздук багытында өнөктөштүктү улантуунун маанилүүлүгүн белгиледи. 

Белгилей кетсек, Кытайдын коргоо министри Дун Цзюнь Кыргызстанга Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн коргоо ведомстволорунун жетекчилеринин жыйынына катышуу үчүн келген. Быйыл бул уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.