Адылбек Касымалиев Казакстандын элчисин кабыл алды

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 17:25
748306236_1479454530876365_8138840358519053981_n (1).jpg
749010338_1479454570876361_6341861113418756756_n (1).jpg
750632731_1479454604209691_487252434427114863_n.jpg
749270068_1479454594209692_8748202972623948275_n.jpg
748568030_1479454564209695_7646158801776982690_n.jpg
748115215_1479454527543032_7944655535779232573_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаевди өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак мамилелеринин учурдагы абалын жана мындан ары өнүгүү келечегин талкуулашты. Тараптар эки өлкөнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташтык жигердүү өнүгүп жаткандыгын, транспорт, суу-энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда байланыштар бекемделип жаткандыгын белгилешти. 

Элчи Рапиль Жошыбаев министрлер кабинетинин төрагасына Бишкектеги дипломатиялык ишинин мезгилинде көрсөткөн ар тараптуу жардамы жана колдоосу үчүн чын дилинен ыраазычылык билдирди. 

Ал эми Адылбек Касымалиев дипломатка кесиптик ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Тараптар кыргыз-казак мамилелеринин мындан ары ырааттуу өнүгүшүнө жана өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө ишеним билдиришти.